«Беш-Сары» ЖЧКсынын негиздөөчүсү Камчыбек Жолдошбаев салык төлөөдөн качуу жана алдамчылык менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
«Иш жүзүндө ижарачы «Беш Сары» ЖЧКнын администрациясына 1 соода түйүнү үчүн 16 100 сом төлөйт, бирок келишим боюнча төмөндөтүлгөн сумма – 9600 сом деп көрсөтүлүп турат, андан сырткары фискалдык органдар үчүн отчеттук документтерде– 4800 сом башка сумма көрсөтүлгөн, б.а. алынган пайданы төмөндөтүү 280% га жакынды түзөт.
Белгилей кетсек, ишкерлерге документтин экинчи нускасы берилген эмес, соода түйүндөрүн өз каражаттарынын эсебинен оңдоп-түзөө иштерин жүргүзгөн ижарачылардын ижарага алуу укугун жана шарттарын тастыктаган документтери жок болгон. Башкача айтканда, «Беш-Сары» ЖЧКсынын жетекчилиги соода жайын каалаган убакта башка ижарачыга өткөрүп бере алган.
2024-жылдын 21-февралында Ж.К. кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди»,-деп жазылган билдирүүдө.
Учурда кылмыштын башка фактыларын аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети КР салык мыйзамдарын бузууга, ишкердик жүргүзүү үчүн ар кандай мыйзамсыз тоскоолдуктарды жана ылайыксыз шарттарды түзүүгө жол берилбестигин жана мындай иштер аныкталган учурда мыйзамда белгиленген тартипте катуу чаралар көрүлөрүн эскертет.