Улан Ниязбеков: Биздин негизги милдет — эл коопсуздугу үчүн таза жана ак кызмат кылуу

Бүгүн, 2025-жылдын 25-апрелинде ИИМдин жыйындар залында Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын 2025-жылдын 1- чейрегинин жыйынтыгын чыгарган коллегиялык отурум онлайн форматта өтүүдө.

Ага ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков, ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов жана министрдин орун басарлары, Ички аскерлердин кол башчысы, Атайын багыттагы полкунун командири, борбордук аппараттын башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын, кызматтарынын, окуу жайлардын, өз алдынча бөлүктөрүнүн, облустук, шаардык ички иштер башкы башкармалыктардын, башкармалыктардын жетекчилери, алардын орун басарлары, райондук-шаардык бөлүмдөрдүн жетекчилери катышты.

Коллегиялык отурумдун жүрүшүндө ыкчам-кызматтык ишмердикти жакшыртуу, “Коопсуз өлкө” долбоорунун алкагында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар жана “Улуттук пландын” аткарылышы боюнча маселелер каралууда.Коллегияны ачып жатып, Улан Ниязбеков үстүбүздөгү жылдын 1-чейрегиндеги жетишкендиктерге жана орун алган мүчүлүштүктөрдү жана көйгөйлөрдү жакшылап тыңдап, өздүк курамга туура жеткирип, алардын ар бири боюнча кошумча иш-чараларды жүргүзүүнү талап кылды.“ Милициянын кадыр-баркын көтөрүү үчүн ар бир кызматкер таза иштеп, мыйзамдуулукту бекем карманышы керек. Тилекке каршы, пара алуу, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, кылмыш иштерин бурмалоо сыяктуу терс көрүнүштөр дагы эле орун алууда.

Мындай көрүнүштөрдү токтотуу үчүн өздүк курамда тазалоо иштери жүрүүдө жана бул иштер мындан ары да улантылат. Жетекчилер, өздүк курамга тартипти, тазалыкты үйрөтүп, элдин ишенимине татыктуу болуңуздар. Биздин негизги милдет — эл коопсуздугу үчүн таза жана ак кызмат кылуу. “Кыргыз милициясынын” баркын көтөрүү, элге таза кызмат кылуу — баарыбыздын милдетибиз.Ошондуктан, ар бир жетекчи айтылган эскертүүдөн жыйынтык чыгарып, жарандардын коопсуздугуна жана мыйзамдуулуктун сакталышына жоопкерчилик менен мамиле кылып, өздүк курамдын так, таза жана мыйзам чегинде иштөөсүн камсыздоого тийиш”, — деди Улан Ниязбеков. Кеңешменин жүрүшүндө, ар бир жетекчи өз ишмердигинде мыйзам чегинде иш алып барып, кызматка жоопкерчилик менен карап, тартипти чыңдоодо өзүнүн салымын кошуу керектиги белгиленди.

25 Апрель 2025 жыл 11:49
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча