Кыргызстандын Улуттук банкы микрофинансы компаниясынын каттоо күбөлүгүн жокко чыгарды. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, КР Улуттук банкынын ченемдик-укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн 2024-жылдын 11-мартынан тартып Бишкек шаары, Игембердиев көчөсү 1а, «Аврора» бизнес-борбору, 3-кабаты дареги боюнча жайгашкан «Кредит Сервис» МКК» ЖЧКнын 2009-жылдын 9-июлундагы эсептик каттоо тууралуу №226 күбөлүгү кайтарылып алынды.