Улуттук гвардиянын жоокери октон көз жумду

Түндүк Казакстан облусунун Петропавл шаарында Улуттук гвардияда келишим менен кызмат өтөп жаткан жоокердин өлүмү иликтенип жатат.

Улуттук гвардиянын басма сөз кызматы билдиргендей, окуя 12-ноябрда болгон.

№6637 аскер бөлүгүндө келишим менен кызмат өтөгөн жоокер кокустан аскер кызматкерин атып алган. Аскер кызматкери дароо ооруканага жеткирилген, бирок анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

Бул факт боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат.

Соңку бир нече аптада казак армиясында ушуну менен экинчи киши октон көз жумду.

Өткөн айда Астанадагы Улуттук гвардиянын №6636 аскер бөлүгүндө аскер кызматкеринин өз жанын кыйганы боюнча иликтөө башталган. Башына ок тийген аскер кызматкери өлгөн абалда табылган.

14 Ноябрь 2023 жыл 14:31
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча