Валентина Шевченконун кийинки беттеши ким менен болору белгилүү болду

Ultimate Fighting Championship кыргызстандык Валентина Шевченко менен ким менен беттеше турганын жарыялады.

UFCнин басма сөз кызматы кыз-келиндер арасындагы жеңил салмактагы чемпион Валентина Шевченко сегиз бурчтукта франциялык Манон Фиоро менен беттешерин билдирди.

Беттеш 2025-жылдын 10-майында UFC 315 турниринин алкагында өтөт.

Эске салсак, Шевченко акыркы беттешин 2024-жылдын 14-сентябрында өткөрүп, анда италиялык Алекса Грассону жеңип, чемпиондук курга ээ болгон.

20 Февраль 2025 жыл 14:29
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча