Январь айында 74,9 миллион долларлык 1 143,5 килограмм алтын экспорттолду

Кыргызстан үстүбүздөгү жылдын январь айында 74,9 миллион долларлык 1 143,5 килограмм алтын экспорттогонун Улуттук статистика комитети билдирди.

Сатып алган өлкөлөр:

Швейцария — 971,5 килограмм;

Гонконг — 172,1 килограмм.

Белгилей кетсек, былтыркы жылдын алгачкы эки айында алтын сатылган эмес, ал эми жыл ичинде жалпы жонунан 20,2 тонна баалуу металл экспорттолгон.

19 Март 2024 жыл 10:35
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча