Япониянын түндүгүндө 7,5 баллдык жер титирөө катталып, андан кеминде 30 адам ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алды. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Санаэ Такаити билдиргенин, ТАСС кабарлады.
Маалыматка ылайык, учурда каза болгондор же дайынсыз жоголгондор тууралуу маалыматтар түшө элек.
Премьер-министр жарандарды күнүмдүк жашоосун улантууга чакырып, бирок кайталанышы мүмкүн болгон күчтүү силкинүүлөргө даяр болууга үндөдү. Анын белгилөөсүндө, мындай сактык чараларын жакынкы бир жума бою сактоо зарыл.
Жер титирөө Тынч океанда, Япониянын түндүгүндөгү Аомори префектурасынын чыгыш тарабында катталган. Жер титирөөнүн очогу 50 чакырым тереңдикте жайгашкан.
Өлкөнүн чыгыш жана түндүк-чыгыш жээктерине цунами коркунучу жарыяланып, Аомори, Иватэ жана Хоккайдо префектураларына 3 метрге чейинки толкундар келиши мүмкүн деп эскертилген. Кийинчерээк бардык аймактар үчүн цунами тууралуу эскертүү алынып, жээкке жеткен эң бийик толкундар 70 сантиметрди түздү.
Чыгыш жана түндүк-чыгыш аймактарда темир жол каттамдар убактылуу үзгүлтүккө учурап, жогорку ылдамдыктагы “Синкансэн” поезддеринин кыймылы токтотулган.