Японияда тилсиз жоонун айынан 90дой имарат күйүп кетти

Японияда тилсиз жоонун айынан 90дой имарат күйүп кетти.

ТАСС маалымдагандай, Япониянын түндүк-чыгышындагы токойдогу өрттүн аянты 5 күндөн бери көбөйүп жатат.

Бүгүнкү күнгө карата 2,1 гектар жерди өрт жалмады. Акыркы суткада 300 гектар жер күйгөн.

Учурда өрттүн кесепетинен 1 адам каза болгондугу айтылды. Ошондой эле дайынсыз жоголгондор такталууда. Мындан тышкары, тилсиз жоо 90дой турак жайды жана коммерциялык имараттарды жабыркатты.

5 миңдей жашоочу эвакуация тууралуу сунуштама алган. 1200 адам эвакуациялык борборлорго жайгаштырылган.

Өрттү өчүрүүгө бардык өрт өчүрүүчүлөр жана Жарандык коргонуу күчтөрү тартылганы кабарланды.

3 Март 2025 жыл 14:52
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча