Ысык-Көл көлдүн балык уулоочу тилкелерине 5,7 млн чабак кое берилди 

Ысык-Көл көлдүн балык уулоочу тилкелерине 5,7 млн чабак кое берилди.

Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, бүгүн «Тоң балык өстүрүүчү заводу» мамлекеттик ишканасы Ысык-Көл көлүнүн балык уулоочу тилкелерин балыктандыруу максатында жашоого жарамдуу абалдагы ысык-көлдүн форель гегаркуни балыгынын 445 миң даана чабагын жана сига-лудога балыгынын 5 млн 750 миң даана чабагын кое берди.

Белгилей кетсек, «Тоң балык өстүрүүчү заводу» мамлекеттик ишканасына инкубациялоого сига-лудога балыгынын 19,85 млн даана уруктанган икрасы жана 720 миң даана Ысык-Көл форель гегаркуни балыгынын икрасы салынган. Икраны инкубациялоо 100-130 градус-күн созулат. Жаңыдан жарылып чыккан балыктын личинкалары жашоого жарамдуу абалга чейин өстүрүлөт.

27 Март 2024 жыл 15:26
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча