Ысык-Көлдөн бир жылда 22,5 тонна таштанды чыгарылды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) суучулдары Ысык-Көлдүн Түп булуңундагы көлдүн аянтын тазалоо иштери башталганын билдирди. 26-мартта суучулдар 4100 метр балык уулоочу тор чыгарышты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Өткөн жылы суучулдар жалпы аянты 430 086,12 гектарды түзгөн суу астынан 22 тонна 545 кг таштанды, 218 100 метр балык уулоочу торду алып чыгышкан.
Былтыр июнь айында президент Садыр Жапаров көлдүн булганып жатканын айтып, торлорун калтырып кеткен браконьерлерди сынга алган.

27 Март 2024 жыл 17:42
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча