Ысык-Көлдө он балалуу болгон эне төрөт үйүнөн чыгарылды. Бул тууралуу Жети-Өгүз районунун акимчилигинен кабарлады.
Маалыматта Жети-Өгуз акими жана Покровка айылынын ооруканасынын жамааты аны урматтоо менен белектерин тапшырышты. Бул кубанычтуу окуя айыл тургундарын жана медициналык кызматкерлерди бириктирип, бардыгынын жүрөгүн жылыткандыгы айтылат.
«Эне болуу – улуу бакыт жана чоң жоопкерчилик. Он балалуу болгон энени куттуктайбыз жана бекем ден соолук, түгөнгүс күч-кубат, жана чексиз бакыт каалайбыз. Бул балдар эне-батанын сыймыгы жана жаркын келечектин үмүтү болушсун. Элибиздин энелери мындан ары да ар дайым бакубатчылыкта жашап, үй-бүлөсүн сүйүү жана мээрим менен толтурушсун!»,-деп жазылат маалыматта.