Ысык-Көлдө үрөй учурган жол кырсыгы катталып, 3 адам көз жумду

Ысык-Көлдө үрөй учурган жол кырсыгы катталып, үч адам мерт болгонун ЖКККББнын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, окуя 27-мартта саат 12:50лөр чамасында Балыкчы — Ананьево — Каракол жолундагы Чырпыкты айылынын тушунда болгон.

«Анда Санэпидемборбордун кызматтык унаасы менен Daimler-Chrysler D312 үлгүсүндөгү автокөлүк кагышып, үч адамдын өмүрү кыйылган. Анын бири айдоочу, экөө бир автоунаадагы жүргүнчүлөр болгон», — деп айтылат маалыматта.

28 Март 2024 жыл 12:40
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча