Ысык-Көлдө жер титиреди

Ысык-Көл облусунун аймагында 21-июль саат 09:06да очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.

КР Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер титирөөнүн очогу Ак-Булак айлынынан түштүк-чыгышка карай 10 чакырым жана Каракол шаарынан түндүк-чыгышка карай 43 чакырым аралыкта жайгашкан.

Калктуу конуштарда — Ак-Булак айылында жердин силкинүүсү 2,5 баллга чейин сезилген.

22 Июль 2024 жыл 9:49
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча