Өзгөндүн мэри кармалды

Өзгөн шаарынын мэри уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар делип кармалды. Бул тууралуу УКМК тараткан маалыматта айтылат.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 139-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (Өмүргө жана ден-соолукка коркунучтуу зомбулук көрсөтөм деп коркутуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча катталган кылмыш ишинин алкагында, ошондой эле «мыйзамдагы ууру» К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу топбунун ишине катышкан деген шек менен, Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаарынын мэри М.Д.Ч кармалды.

«Жүргүзүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө, Өзгөн шаарынын мэри өзүнүн жеке кызыкчылыгын көздөгөн максаттарына жетүү үчүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн системалуу түрдө пайдаланып, өзүнө жакпаган адамдарды коркутуп келгендиги аныкталды.
Тактап айтканда, кылмыш дүйнөсүнүн айрым өкүлдөрү күч колдонуу коркунучу астында жарандык активисттен Өзгөн шаарынын мэринин ишин сындоону токтотууну жана массалык маалымат каражаттарында чагылдырбоону талап кылып, антпесе ден соолукка олуттуу зыян келтиребиз деп коркутушкандыгы аныкталды. 2023-жылдын 13-ноябрында КР УКМКнын кызматкерлери тарабынан Өзгөн шаарынын мэри Д.Ч.М. кызматтык иш бөлмөсүнө тинтүү жүргүзүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Учурда жогорудагы адамдар кармалып, КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөө абагына камака алынды.

Муну менен катар КР УКМК тарабынан кылмыштын башка катышуучуларын аныктоо боюнча чаралар көрүлүүдө.

15 Ноябрь 2023 жыл 17:12
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча