Жаңы гимнди жазууга жарыяланган сынак 21-апрелге чейин узартылды

Жаңы гимнди жазууга жарыяланган сынак 21-апрелге чейин узартылат. Буга Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитети макулдугун берди.

Маданият министринин орун басары Тимурлан Ажымалиевдин айтымында, элден сунуштар дагы деле түшүүдө.

«Ведомствого жаңы гимндин 16 долбоору келип түштү. Ал эми жумушчу топтун электрондук дарегине 234 адамдан 401 кайрылуу, сунуш түшүп, аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү», — деди Ажымалиев.

Өлкөдө мамлекеттик гимндин тексти менен обонуна сынак жарыялаган. Сынактын жеңүүчүсү 1,5 миллион сом алары айтылган.

17 Февраль 2025 жыл 15:02
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча