Жаңы гимнге коюлган талптарга жооп берген чыгарма табылган жок. Буга байланыштуу кайрадан сынак жарыялоо сунушталды.
9-10-апрелде комиссиянын экинчи отуруму өтүп, ушундай бүтүмгө келгенин Маданият министрлиги кабарлады.
Жобого бир нече өзгөртүүлөрдү киргизүү да сунушталган. Ага ылайык, биринчи этапта гимндин жаңы редакциядагы тексти тандалып алынса, экинчи этапта бекитилген текстке музыкалык чыгарманы жаратуу боюнча сынак жарыяланат.
2025-жылдын 7-февралынан 20-мартка чейин жалпы 703 сунуш түшкөн. Натыйжада аты-жөнү, дареги жана жеке маалыматтары так көрсөтүлгөн 165 жарандын 285 долбоор каттоодон өткөн.