Жаңы коллекциялык “Тушоо кесүү” күмүш тыйыны чыгарылды

Улуттук банк “Кыргыз элинин үрп-адаттары жана ырым-жырымдары” сериясынан жаңы коллекциялык “Тушоо кесүү” күмүш тыйынын чыгарды. Ал бүгүндөн тарта пайдаланууга бериле тургандыгын банктан билдиришти.

Жаңы коллекциялык тыйындын баасы 6 940 сом. Аны Улуттук банктын мекемелеринин кассаларынан жумуш күндөрү саат 9:00дөн 14:00кө чейин сатып алса болот, ошондой эле нумизматикалык баалуулуктар сатылган атайын веб-сайтта да бар.

Улуттук банк бул коллекцияны чыгаруу менен кыргыз элинин улуттук үрп-адат жана ырым-жырымдарын сактоо, жайылтуу жана визуалдык түрдө чагылдыруу максатын көздөйт.

Белгилей кетсек, “Тушоо кесүү” салты – баланын биринчи баскан кадамына же тушоосун кесүүгө арналган эң байыркы ырым-жырымдардын бири болуп саналат. Байыртадан бул жөрөлгө жаңы баскан баланын жолунун ачыктыгы, жаркын келечеги жана алдыдагы бакубат жашоосу үчүн жасалып келген.

8 Декабрь 2025 жыл 16:07
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча