Бишкек шаарында улуттук жана европалык экологиялык-санитардык стандарттарга ылайык курулган жаңы таштанды полигону ачылды. Бул тууралуу Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, көлөмү 1,9 млн метр куб полигон жакынкы он жылда Бишкекке катуу тиричилик калдыктарын коопсуз жок кылууга мүмкүндүк берет. Полигондун гидроизоляциялык тутум менен жабдылышы фильтратты (кескин жыттуу булганган суюктукту) тосуп калууга жана тазалоого, анын жер астындагы сууга кошулуп кетүүсүнө жол бербейт.
Санитардык полигон Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) менен Европа Биримдигинин (ЕБ) демөөрчүлүгү астында ишке ашты. Биринчи мекеме бул үчүн 22 млн евро насыя, экинчи мекеме 8 млн евро грант бөлдү.
Бишкектин “Тазалык” муниципалдык ишканасы бөлүнгөн каражатка таштанды чогултуучу заманбап автоунааларды жана алардын ишин мониторинг кылуу үчүн GPS навигация тутумун сатып алды.