Жаңы жылдагы 7 күндүк эс алуу, кийинки майрамдардагы эс алуу менен толукталат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2024-жылдын дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө токтомго кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Бул токтом беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлерине тиешелүү.

Токтомго ылайык, жаңы жылда кыргызстандыктар бир жума, тагыраагы, 7 күн катары менен эс алат. Бирок ал күндөрдүн ордун башка дем алыш менен толукташат.

2024-жылдын 8-январындагы дем алыш күн 2-январга, 27-январдагы дем алыш күн 3-январдагы иш күнүнө, 2-марттагы дем алыш күн 4-январга, ал эми 2-сентябрдагы дем алыш күн 5-январдагы иш күнүнө которулуп калат.

Мартта элдин үч күн катары менен (21-22-23) эс алары айтылган. Ошондо 8-апрелдеги дем алыш 22-марттагы иш күнүнө которулуп калат.

Май айында беш күн эс алуу күнү болот. 2-май күнкү жумушту кыргызстандыктар 6-майда, 3-майдыкын 11-майдагы дем алышта иштээри айтылган.

Министрлер кабинети өлкөдө Орозо айт 10-апрелде, Курман айт 17-июнда белгилене турганын кошумчалады.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

26 Декабрь 2023 жыл 21:24

Тема боюнча