Жалал-Абад мэри Токтогул паркын иретке келтирүүнү тапшырды

Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков калаадагы Токтогул Сатылганов атындагы паркты кыдырып чыкты.

Муниципалитеттен билдиришкендей, шаар башчысы жеринде жетекчилерге коопсуздук эрежелери сакталбаган, эскилиги жеткен аттракциондорду алып салуу, паркты көрктөндүрүү, актап-сырдоо тапшырмаларын берди.

Белгилей кетсек, аталган парк 1960-жылдары негизделген.

22 Апрель 2025 жыл 10:34
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча