Жалал-Абадда 52 турак жай сел кооптуулугунан корголот

Жалал-Абадда 52 турак жай сел кооптуулугунан корголот.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Ала-Бука районунда 2025-жылы «Атайын алдын алуу жана кесепетин жоюу» иш-мерчеминин негизинде 8 объектте жумуш жүргүзүлөт.

Бүгүнкү күндө аталган райондун Айры-Там айыл өкмөтүнүн Совет-Сай айылындагы Харезим сел сайынын 1200 метр аралыктагы нугун механикалык жол менен тазалоо жана нугун түздөө иштери жүргүзүлүүдө.

“ӨКМнин 1 оор техника бөлүнүп, күйүүчү майлар менен камсыздалып, жумуш план графиктин негизинде жүрүүдө”,-деп айтылат маалыматта.

22 Февраль 2025 жыл 14:29
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча