Жалал-Абаддагы үлпөт тойдун кортежинде жосунсуз жорук көрсөткөн киши кармалды
Буга чейин соцтармакта кортеждеги “BMW X5” үлгүсүндөгү машинанын жүргүнчүсү терезеден чыгып, асманга бир нече ирет ок аткан видео тараган.
Жалал-Абад облусунун ЖКККБсы 28 жаштагы кишини кармап, тергөөнү Сузак РИИБине өткөрүп берди.
Ал эми автоунаанын айдоочусуна автоээнбаштык кылгандыгы үчүн 15 000 сом айып пул салынып, унаасы айып короого токтотулду.