
Тажикстан бийлиги жаназа учурунда маркум кызды эл алдында кемсинткен дин кызматкерин сүйлөшүүгө чакырды.
Тажик журналисти Абдукодир Талбаков Гиссар районундагы айылдардын биринде 25 жаштагы кызды акыркы сапарга узатуу зыйнатында жагымсыз окуя болгонун жазды. Жаназа учурунда молдо маркум кызды жана анын туугандарын «фасиктердин» (намаз окубагандардын) үй-бүлөсү деп атап, кыздын атасын урушкан.
Тажикстанда сөөк коюу учурунда маркумдун же анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн кемсинткен учурлар мурда болгон эмес.
Тажикстан өкмөтүнө караштуу Дин, каада-салттарды, салтанаттарды жана ырым-жырымдарды ирээтке келтирүү боюнча комитеттин басма сөз катчысы Афшин Муким Гиссардагы окуя тууралуу маалыматты тастыктады. Ал Фейсбуктагы баракчасына Гиссардын Дурбат айылынын тургуну, дин ишмери Абдукаххор Мирзоев «тиешелүү органдардын кызматкерлеринин суроолоруна жооп берип жатканын» жазды.
Маалым болгондой, каза болгон кыз кант диабети менен жабыркаган.