Жапаров Астанага барат

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 8-сентябрда Казакстандын баш калаасы Астанага иш сапар менен барат. Расмий маалыматка ылайык, ал V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышат.

Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев мелдештерге 80ден ашуун өлкөдөн 3000ден көп спортчу катышарын билдирди.

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Астанада 8-сентябрдан 13-сентябрга чейин өтөт. Мурдараак ага 73 мамлекеттен 4 миң спортчу келери күтүлүп жатканы айтылган. Кыргызстандан 253 спортчу катышат. Алар спорттун 21 түрү боюнча күч сынашат.

8 Сентябрь 2024 жыл 11:37
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча