Президент Садыр Жапаров геология тармагын өнүктүрүүгө 1 миллиард сом бөлүнүп жатканын, бул мамлекеттин минералдык-сырьёлук базасын толуктоого багытталганын билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчынын 7-апрель – Кыргызстандын геологдор күнүндө жолдогон куттуктоо катында айтылат.
Анда бул каражат геологиялык илимий-изилдɵɵ иштерин жүргүзүүгө, геофизикалык жана атайын бургулоочу жабдууларды алууга, пайдалуу кендерди издөөгө, чалгындоого жана баалоого, адистерди даярдоого, жаңы кендерди ачууга пайдаланыла турганы жазылган.
Президент ошондой эле 2021-жылдын башында чыгарган “Кен казуу тармагын реформалоо маселелери жөнүндө” жарлыктын негизинде реформалар жана маанилүү иш-чаралар жасалып жатканын, мамлекеттик маанидеги ири кендердин үлүшү толугу менен мамлекеттик ишканаларга берилип жатканын белгилеген.