Жапаров Москвага барат

Президент Садыр Жапаров Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) мааракелик жыйынына катышат. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынан билдиришти.

Жыйын үстүбүздөгү жылдын 8-майында Москвада өтөт.

Маалымат үчүн: Жогорку Евразиялык экономикалык кеңеш — регионалдык экономикалык биригүүнүн эл аралык уюму. Анын курамына Кыргызстан, Россия, Беларусь, Казакстан жана Армения кирет.

20 Март 2024 жыл 10:36
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча