Жапаров: Спорт — дүйнөнүн элчиси, спорт – ден соолуктун булагы

Россиянын Казань шаарында тарыхта алгачкы ирет уюштурулуп жаткан “Келечектин оюндарынын” ачылыш аземи болду.

Ага Россия, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана башка мамлекеттердин лидерлери катышып, ар бири өз спортчуларына эне тилинде кайрылды.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров күчтүүлөр жеңишин каалады.

“Спорт — дүйнөнүн элчиси, спорт – ден соолуктун булагы деп жөн жеринен айтылган эмес. Баарыңыздарга биринчи кезекте ынтымак, экинчи кезекте ден соолук каалайм. Спортто дайыма күчтүүлөр утат, андыктан күчтүүңөр жеңгиле, баарыңарга ийгилик каалайм”, — деди Жапаров.

22 Февраль 2024 жыл 9:25
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча