Жер титирөөдөн Таласта 17 үйдүн дубалдарынан майда жарака кетти

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 28-мартта болгон жер титирөөдөн Талас районунун Каракол айыл аймагынын Көпүрө-Базар айылында 17 турак жайдын дубалдарынан майда жарака кеткенин билдирди.

Маалыматка караганда, алардын ичинен 11 үй камсыздандырылса, алты турак жай камсыздандырылган эмес. Авариялык абалдагы турак жайлар жок. Ушул тапта тактоо иштери уланып жатат.

28 Март 2025 жыл 13:45
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча