Бүгүн Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында республикалык бюджетке тиешелүү мыйзам долбоорлору каралды.
Жыйынга Адылбек Касымалиев баштаган министрлер кабинетинин өкүлдөрү катышты.
Алсак, «Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу», «Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027-2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» мыйзам долбоорлору каралды.
Муну менен катар Кыргыз Республикасынын 2024-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету да угулду.