ЖК желекти өзгөртүү долбоорун биринчи окууда кабыл алды

Жогорку Кеңеш 29-ноябрдагы жыйынында мамлекеттик тууну өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду. Документке 66 депутат “макул”, сегиз эл өкүлү “каршы” добуш берди.

Долбоорго депутаттар Нилуфар Алимжанова, Сеидбек Атамбаев, Дастан Бекешев, Тазабек Икрамов, Арсланбек Малиев, Кубанычбек Самаков, Максатбек Сарбагышев жана Эмил Токтошев каршы добуш берди.

Жыйында долбоордун авторлорунун бири, депутат Улан Примов коомчулукта желектеги күндүн нуру күн карама сыяктуу көрүнөрүн, ушундан улам күндүн толкун сымал нурларын түздөп коюу сунушталып жатканын айтты.

Документтин дагы бир автору, спикер Нурланбек Шакиев туу өзгөртүлсө, бюджеттен каражат кетпей турганын, желек өзгөртүү зарыл болгон жерлерде алмашылса, анын чыгымын демөөрчүлөр көтөрөрүн билдирди.

Депутат Акылбек Түмөнбаев долбоорду талкуулабай эле биринчи окууда концепсиясын кабыл алуу сунушун берип, колдоо тапты.

29 Ноябрь 2023 жыл 11:57

Тема боюнча