ЖКнын чоң жыйындар залы санариптештирилип, заманбап техникалар менен жабдылат

Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу парламенттин жыйындар залында жүргүзүлө турган оңдоп-түзөө иштери боюнча маалымат алды. Бул тууралуу парламенттин коомчулук жана ЖМКлар менен иштөө бөлүмүнөн билдиришти.

Белгилүү болгондой, быйыл Жогорку Кеңештин имаратынын чоң жыйындар залы санариптештирилип, заманбап техникалар менен жабдылары күтүлүүдө.

Төрага 2023-жылы Жогорку Кеңештин техникалык базасын чыңдоо багытында Корея менен атайын макулдашууга кол коюлгандыгын эске салды.

«Долбоордун алкагында парламенттин чоң жыйындар залы акыркы үлгүдөгү заманбап техникалар менен камсыздалып, мыйзам чыгаруу ишин санариптештирүүгө багытталган жумуштар жасалат. Ага ылайык, жыйындар залы толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, тиешелүү жабдуулар менен камсыздалышы кажет. Жүргүзүлүп жаткан санариптештирүү жана жаңылоо иштери мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт деген терең ишеничтемин», – деди ал.

Муну менен катар быйыл эл арасында Ак үй деп аталган тарыхый жайдын айланасындагы таман таштарды да жаңылоо мерчемделүүдө. Ошондой эле бак-дарактар иретке келтирилип, жаңы көчөттөр олтургузулат.

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Ак үй маанилүү административдик имарат эле эмес, эгемендүүлүгүбүздүн эн белгиси саналган тарыхый жай экенин белгилеп: «Андыктан өзгөчө стилде жасалган имараттын айлана-тегереги да талаптагыдай болушу шарт. Себеби, Ак үй борбор калаага келген меймандардын, чет өлкөдөн келген туристтердин көңүлүн бурган жай болуп эсептелет», – деп кошумчалады.

Эскерте кетсек, Нурланбек Тургунбек уулун орун басарлары Нурбек Сыдыгалиев, Нурланбек Азыгалиев жана башка тиешелүү жетекчилер коштоп жүрүштү.

Алсак, борборубуздун чок ортосунда орун алган Ак үй 1984-жылы ишке берилген. Жалпы аянты 4,5 гектар жерди ээлейт. Акыркы жолу чоң жыйындар залы 2010-жылы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн.

10 Март 2025 жыл 17:44
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча