
Жогорку Кеңеш 13-марттагы отурумунда президент Садыр Жапаров демилгелеген мыйзам долбоорун үчүнчү окуудан кабыл алды. Мыйзам долбооруна ылайык, президенттик «Акылман» лицейин аяктап, «Эл үмүтү» стипендиясы менен чет өлкөлөрдөн окуп келгендер жогорку окуу жайларына жана мамлекеттик кызматтарга сынаксыз кирүүгө укуктуу болот.
Жапаров сунуштаган мыйзам долбоорунда «Эл үмүтү» стипендиясы менен жогорку окуу жайларын окуп келген бүтүрүүчүлөр кадр резервине сынактан тышкары тартипте киргизилери жазылган. Ал эми «Акылман» лицейин бүткөн окуучулар окуу жайдын менчигине карабай жалпы республикалык тесттин жыйынтыгысыз кабыл алынат.
Аталган мыйзам долбоору парламентте талкууланып жатканда айрым депутаттар мыйзам балдардын жана бүтүрүүчүлөрдүн укуктарын бузарын, өлкөнүн Конституциясына каршы келерин айтып чыгышкан.
2023-жылы 25-августта Чолпон-Ата шаарында адистештирилген жалпы билим берүүчү “Акылман» президенттик лицейи ачылган жана салтанатка Садыр Жапаров катышкан.