Жогорку сотто Аскат Жетигендин кассациялык арызын кароо 18-мартка калды

13-март күнү Жогорку сотто жарандык активист, ырчы Аскат Жетигендин адвокаттарынын кассациялык арызы каралды. Соттук отурумга анын өзүн алып келишкен жок. Адвокаттар толук экспертиза жүрбөгөндүгүн айтып, Аскат Жетигенди актоону суранды.

Прокурор Тимур Карабаев активистти «социалдык тармактарда башаламандыкка ачык чакырык кылган» деп, мурдагы сот чечимдерин күчүндө калтырууну суранды.

Сот кеңешүүгө кеткенден көп өтпөй отурум 18-мартта уланарын жарыялады.

Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Жолдошбек Сулайманов Аскат Жетигендин иши боюнча былтыр 1-июлда чечим чыгарган. Судья аны Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти басып алууга чакырык жасоо”) менен “күнөөлүү” деп таап, үч жылга эркиндигинен ажыраткан. 278-беренесинин 3-бөлүгү (“Массалык башаламандыктарга чакыруу”) боюнча актаган

13 Март 2025 жыл 15:51
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча