Жол кире 10 сом. Бишкек мэриясы жаңы акция жарыялады

Мэриядан белгилешкендей, Бишкек шаарынын муниципалдык коомдук транспортунда жол кире үчүн накталай эмес төлөм системасы иштейт.

Коомдук транспорттун тарифтери:

  • троллейбуста — 17 сом;
  • автобуста – 17 сом;
  • микроавтобустарда – 20 сом;
  • жол кире акысын накталай төлөгөндө валидаторлор орнотулган автобустарда жана троллейбустарда — 20 сом.

Борбор калаада мобилдик тиркемелерди колдонгон жарандар үчүн акция уланууда. Ошентип, «Компаньон» банкынын тиркемесин колдонуу менен жол кире 10 сомду түзөт. Сиз транспортко түшкөндө Tulpar QR-кодун сканерлешиңиз керек.

Эскерте кетсек, бул акция 2024-жылдын 10-июнуна чейин жарактуу.

28 Март 2024 жыл 12:42
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча