
Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында бүгүн кызамык менен ооругандар үчүн кошумча бөлүм ачуу пландалууда.
Маалыматка ылайык, учурда ооруканада кызамык менен ооруган 78 бейтап дарыланып жатат, дагы 17 адамдын аталган илдетке чалдыкканы тактала элек.
Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги кызамык менен ооругандардын көбөйүшүнө байланыштуу эпидемиологиялык кырдаал катаалдашканын билдирген. Республикалык эмдөө борборунун маалыматы боюнча, жыл башынан бери 3,3 миңге жакын адам кызамык менен ооруп, алдарын көпчүлүгүн төрт жашка чейинки балдар түзгөн. Эң көп Бишкек жана Ош шаарларында, Ош жана Чүй облустарында катталган.