Жыл башынан бери 14 ымыркай ташталган


Кыргызстанда жыл башынан бери 14 ымыркай ташталган. Бул тууралуу социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева 8-декабрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында билдирди.

Быйыл ноябрь айында эле Кыргызстанда жаңы төрөлгөн ымыркайлар көчөгө ташталган үч окуя болду.

8-ноябрда Бишкекте таштандыга ыргытылган ымыркай табылып, ооруканага жеткирилген.19-ноябрда Бишкектин четиндеги жаңы конуштардын биринде көчөгө калтырылган ымыркайды милиция кызматкерлери төрөт үйүнө алып барган. 20-ноябрда Жалал-Абадда таштанды челектен жаңы төрөлгөн кыз табылган. Үч ымыркайдын энелери табылып, кылмыш иши козголгон.

8 Декабрь 2023 жыл 17:17
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча