Жыл башынан бери салык пландан 4 млрд сомго көп чогултулду

Быйылкы жылдын январь-февраль айларында Кыргызстанда 41 млрд 490,5 млн сом салык жана төлөмдөр чогулду. Бул пландан 4 млрд 91,8 млн сом ашык экенин Мамлекеттик салык кызматы 4-мартта кабарлады.

Быйылкы салык жана төлөмдөр былтыркы январь-февраль айларындагы көрсөткүчтөн 10,7 млрд сомго көп экени белгиленди.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 12 млрд 911,3 млн сом жыйналды, бул да белгиленген пландан 811,3 млн сомго көп. Быйылкы эки айда чогулган камсыздандыруу төгүмдөрү былтыркыдан 1,2 млрд сомго көп.

Жалпысынан эки айда чогултулган салыктардын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы 54 млрд 401,8 млн сомду түздү.

4 Март 2025 жыл 17:44
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча