111 МИҢ ЖӨРГӨМҮШ ЖАШАЙТ. ДҮЙНӨДӨГҮ ЭҢ ЧОҢ ЖЕЛЕ ТАБЫЛДЫ

Греция менен Албаниянын чек арасындагы Күкүрт үңкүрүнөн (Sulfur Cave) аянты 106 чарчы метрди түзгөн дүйнөдөгү эң чоң желе табылды. Бул тууралуу Nature журналы сайтына жарыялады.

Анда белгиленгендей, бул алп желеде болжол менен 111 миңге жакын жөргөмүш жашайт. Адистердин айтымында, андагы жөргөмүштөр негизинен Tegenaria domestica жана Prinerigone vagans деген эки түргө таандык. Табиятта булэки түр бири-бирин аңдып, жей турганжырткыч мамиледе болушат. Бирок үңкүрдөгүөзгөчө шарттарга байланыштуу жөргөмүштөрбул ирет биригип чоң желе токушкан.

Окумуштуулар мунун себебин үңкүрдүнкараңгылыгы менен түшүндүрүшөт. Толук караңгы чөйрө алардын аңчылык жөндөмүналсыратат. Мындан улам жөргөмүштөр кадимкиолжосун эмес, үңкүрдө көп кездешкен майдакурт–кумурскаларды кармоого өтүшөт.

4 Декабрь 2025 жыл 16:14
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча