«Жерүй» өндүрүш аймагына кызматкерлерди ишке орноштуруу жана «Альянс Алтын» компаниясынын 2023-жылдын октябрь айына карата салыктар жана чегерүүлөр жөнүндө маалымат берди.
Ага ылайык, «Альянс Алтын» ишканасы 2015-жылдан бери өлкө бюджетке салык түрүндө 13 миллиард 800 миллион сом төлөдү.
Бюджетке чегерилген салыктын жалпы суммасынан 9,5 млрд сом алтынды сатуудан түшкөн кирешенин эсебинен төлөнгөн. Аталган каражаттын 4,3 млрд сому үстүбүздөгү жылдын январь-октябрь айларында төлөнгөн. Быйыл 1 айда кирешенин 2 пайызы жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүүгө жана камсыздоого чегерилген.
Талас облусун өнүктүрүү фондуна — 497 миллион 600 миң сом, Талас районун өнүктүрүү фондуна — 298 миллион 500 сиң сом жана Бекмолдо айыл аймагын өнүктүрүү фондуна — 199 миллион сом бөлүндү.
Азыркы учурда «Альянс Алтын» ЖЧКсында жалпы 857 жаран иштейт, 60 пайызы Талас облусунун тургундарын түзөт.
Жерүй кениндеги иштер бардык экологиялык эрежелерди сактоо менен жүргүзүлөт.