«Альянс Алтын» 2023-жылы алтын өндүрүү боюнча жаңы рекорд койду

«Альянс Алтын» ЖЧКсы 2023-жылы таасирдүү жыйынтыктарга жетишип, алтын өндүрүү боюнча жаңы рекорд койду. Жылдын аягында Таластагы алтын кен комбинатында 4,4 миц килограмм бул асыл металл эритилген. Заманбап жабдууларды колдонуунун жана кызматкерлерди активдүү окутуунун аркасында ишкана өндүрүштүк жана эмгекти коргоонун жогорку деңгээлин сактап келет.

«Альянс Алтын» ишинин алгачкы күндөрүнөн 2023-жылдын декабрына чейин Кыргызстандын бюджетине 15 миллиард 42 миллион сом салык төлөгөн.

Мындан тышкары, компания жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүүгө жана тейлөөгө үзгүлтүксүз акча бөлүп, инвестициялык жана социалдык долбоорлор аркылуу Талас облусунун жана бүткүл өлкөнүн экономикасын стимулдайт.

“Альянс Алтын” экологиялык жоопкерчиликтин жогорку деңгээлине умтулуп, калдык сактоочу жайдын экинчи этабын куруп, аймактагы биоартүрдүүлүктү сактоого чоң салым кошууда.

“Альянс Алтындын” негизги баалуулугу – негизинен Талас облусунун тургундарынан турган командасы. Компания өзүнүн персоналын өнүктүрүүгө жигердүү каражат жумшайт. 2023-жылдын январь-декабрында дээрлик ар бир кызматкер Жерүйдө жана беш башка багыт боюнча милдеттүү түрдө кайталанган билим сынагынан өткөн.

Мындан тышкары, 605 кызматкер милдеттүү окуудан өтүп, 174 кызматкер квалификациясын жогорулатышты, 115 кызматкер биринчи медициналык жардам көрсөтүү ыкмаларын үйрөнүштү, 17 кызматкер практикадан өтүштү, 15 кызматкер ядролук жана радиациялык коопсуздук боюнча атайын окуу курсун аяктады.

13 Март 2024 жыл 16:39
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча