Атайын рота сутка ичинде 21 мас айдоочуну кармады

Атайын рота тарабынан сутка ичинде 21 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Атайын адистештирилген ротасы Бишкек жана Чүй облусунун аймагында 5-апрелден 6-апрелге караган түнү рейд өткөрүп, мас абалында унаа башкарган 21 айдоочуну кармап, унааларын айып короо жайына токтотушту.

Эми бул айдоочулар соттун чечими менен бир жылга унаа башкаруу укугунан ажыратылат.

8 Апрель 2025 жыл 15:54
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча