Аялын көп убакыт бою ур-токмокко алган казак дипломаты камакка алынды

Казакстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы (БАЭ) элчисинин мурдагы кеңешчиси Сакен Мамаш аялына зомбулук көрсөткөн деген айып менен камакка алынды. Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматы жазды. 

«Өткөн жылы элчинин экс-кеңешчисине аялын көп убакыт бою ур-токмокко алганы үчүн кылмыш иши козголгон. Ички иштер министрлиги тергөө-ыкчам тобун түзгөн. Окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн зарыл болгон экспертизалар комплекси жүргүзүлдү. Далилдер да чогултулду» деп айтылат маалыматта.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен Сакен Мамаш камакка алынды.

Белгилей кетсек, былтыр май айында Сакен Мамаштын жубайы Карина Мамаштын видеосу «НеМолчи.kz» фондунун социалдык түйүндөрдөгү баракчаларына жарыяланган. Анда ал 10 жылдан бери күйөөсүнүн ур-токмогуна, сексуалдык, экономикалык, эмоционалдык зомбулугуна кабылып келатканын айткан. Келин мамлекеттен жардам сурап, «Мен кооптуу абалдамын, балдарым да коркунучта» деп билдирген.

4 Апрель 2025 жыл 18:28
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча