
Казак балбан кызы Жамиля Бакбергенова: “Биз кыргыздардан үйрөнүшүбүз керек!” деген пикири менен бөлүштү.
Ал жергиликтүү каналдардын биринде маек берип жатып кыргыз элинин баландарынын колдоого алганына баа берген.
«Мен КЫРГЫЗ элине суктанам. Ынтымактуу, биримдиктүү калк. Спортсмендерин жапырт колдошот. Бир жолу залда машыгып жатам. Өзүбүздүн бир бай ага келди. Намысыма тийди. Эмне кыргыз балбан кыздарындай жеңишке жете албайсыңар дейт. Силер кыргыз байкелердей спортсмендерди колдой аласыңарбы?» дедим. Кыргыздар жеңишке жетсең дуулдап колдоп жиберишет экен да. Үйүңдү, машинаңды алдыңа тартуу кылып жиберчү кыргыз жигиттери көп экен да. Шарт түзүшөт, сыйлашат. Жеңилип калсак бизди өзүбүздүкүлөр мазакташат. Кыргыздар тескерисинче, спортсмендерин коргошот, жапырт колдошот»,-деген ал.