Чолпон-Атанын пляждарындагы тосмолордун дээрлик 90 пайызы алынды

Чолпон-Ата шаарынын пляждарындагы тосмолордун дээрлик 90 пайызы алынды. Мындай иштер облустун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу максатында аткарылууда.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, учурда Ысык-Көл районундагы төмөнкү пляж аймактарындагы тосмолор алып салынды: «Карвен Ысык-Көл», «Аврора» санаториясы, «Аврора Плюс» эс алуу борбору, «Costa Brava» эс алуу борбору, «Ак-Данис» пансионаты, «АВЭ-Ысык-Көл», «МАК» жана «Лазурный» конок үйлөрү, «Меридиан» пансионаты, «Радуга», «Ак-Марал», «Chaika Resort» эс алуу борборлору, «Royal Beach», «Botany Beach» отелдери, «Дилором» пансионаты.

Өкүлчүлүктөн аталган багытта эс алуу борборлорунун ээлери арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгын кошумчалашты.

20 Июнь 2023 жыл 9:40

Тема боюнча