Жогорку Кеңештин депутаты депутаты Кундузбек Сулайманов мамлекеттик ооруканалардын жетекчилерине жеке клиникаларда иштөөгө кайрадан уруксат берүү маселесин көтөрдү.
«Мурдагы министрдин сунушу менен мамлекеттик ооруканалардын жетекчилерине жеке клиникаларда иштөөгө тыюу салганбыз. Бул шашылыш кабыл алынган чечим болгон окшойт. Азыр региондордо бейтаптар жеке клиникаларга барууга мажбур болууда, анткени мамлекеттик ооруканалардан дарыгерлер кетип жатышат. Мамлекеттик ооруканалардагы маянаны жеке клиникалардын деңгээлине жеткиргенге чейин бул чечим эрте болду. Ошондуктан аны кайра карап чыгуу зарыл», — деди Кундузбек Сулайманов.