«Дордой» базарындагы митинг учурунда Акылбек Жапаровдун кеңешчиси сабалганы айтылууда

Кечээ, 30-ноябрда «Дордой» базарынын соодагерлери митингге чыгышкан. Ал жерден видео тарап, эркек кишинин денесине залал келтиришкени тартылган. Бул тууралуу Свердлов РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, бейбаштык беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары митингдин бир катышуучусу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Ал эми жергиликтүү ЖМКлар сабалган адам Министрлер кабинетининин төрагасы Акылбек Жапаровдун кеңешчиси экенин, 3 соодагер кармалганын жазып жатышат.

1 Декабрь 2023 жыл 10:59

Тема боюнча