Экс-депутат Раимбачаева президенттин Оштогу өкүлүнүн орун басары болду

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Винера Раимбачаева президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды.

Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгонун президенттин облустагы өкүлчүлүгү маалымдады.

58 жаштагы Винера Раимбачаева Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты болгон.

5 Октябрь 2026 жыл 13:16
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча