Күйүүчү майдын баасы өсүүдө, бирок тартыштык жок

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы өсүүдө, бирок тартыштык жок. Бул тууралуу Нефтрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатов “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.

WhatsApp Image 2025-06-17 at 17.25.46.jpeg
Анын айтымында, өлкөдө күйүүчү май рыногундагы абал туруктуу.

“Жыл башынан бери рыноктогу кырдаал туруктуу. Бизде күйүүчү майга болгон тартыштык жок. Бирок, баалар чет өлкөдөн көз каранды болгондуктан, өсүүдө. Кыргызстан күйүүчү майдын 90%ын, негизинен чет өлкөлөрдөн импорттойт. Келишимдер мунай компаниялары менен так жолго коюлган жана күйүүчү май өз убагында жеткирилүүдө. Жыл башында АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин дүң баасы 650 доллар болсо, бүгүнкү күндө 730 долларга чейин көтөрүлдү. Бул 12%га кымбаттаганын билдирет,” – деди ал.

Эшатов белгилегендей, ал эми өлкөнүн ички чекене базарындагы өсүү бир аз жайыраак болгон.

“Биздин компаниялардын аракетинин аркасында, корлор арзан убагында сакталып, көбүрөөк топтолуп, ошонун негизинде акырындык менен жогорулап жатат. АИ-92 бензиндин чекене баасы орточо 7%га, дизель отунун дүң баасы 10%га өссө, ички базарда 4%га кымбаттады. Бизде баа жогорулап жатса да, тартыштык жок. Бирок, өзүбүздүн ички керектөөнү камсыздай албаганыбыз негизги көйгөй бойдон калууда,” – деди ал.

17 Июнь 2025 жыл 18:37
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча