Калмак-Ашуусу качан ачылат? Транспорт министрлиги маалымат берди

Сары-Булак-Соң-Көл унаа жолунун 37-42-чакырымдар аралыгында кар көчкү жана кар күрткү тазалоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жумуштар аймакты караган № 14 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылып жатат. Тазалоо иштерине 1 даана жүктөгүч жана 1 даана манипулятор тартылган. Бүгүнкү күндө жолдун 37-чакырымында иштер уланып, апрелдин аягында каттамды ачуу аракети көрүлүүдө.

Белгилей кетсек, аба ырайынын катаал шарттарына байланыштуу Сары-Булак-Соң-Көл жолундагы Калмак-Ашуу ашуусу жыл сайын октябрь айынан апрелге дейре жабык болот.

19 Апрель 2025 жыл 10:55
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча