
Костанайдагы перинаталдык борбордо 7 килограмм салмактагы ымыркай төрөлдү. Бул тууралуу Zakon.kz. жазды.
Салмагы дээрлик 7 килограмм, бою 60 сантиметрден ашкан ымыркай үй-бүлөдө үчүнчү бала болуп төрөлдү. Баланы үйдө үч жаштагы эгиз эжелери күтүп жатышат. «Мындай төрөт адистерден өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Учурда эне менен ымыркай өздөрүн жакшы сезип жатышат», —деп билдиришти перинаталдык борбордон.